«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 2-январда өлкөдө жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;
Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4;
Нарында түнкүсүн -16…-21, күндүз -7…-12;
Бийик тоолуу райондордо -24…-29, күндүз -11…-16 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -5…-7°, күндүзгү жогорку температурасы 4…6° болот.