Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Бир суткада «Тез жардам» кызматына 759 кайрылуу түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бир сутка ичинде Кыргызстанда ар кандай диагноз менен 120 адам ооруканага жаткырылып, «Тез жардам» кызматы келгенге чейин беш киши каза болду. Дагы беш адам автокырсыктан жаракат алып, бирөө токмоктолуп, дагы бири бычак жеген.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, «Тез жардам» кызматына баш-аягы 759 кайрылуу түшкөн. Анын 600үнө адистер телефондон кеңеш беришкен.

Бишкекте Ала-Тоо аянтында «Тез жардам» кызматынын эки бригадасы күзөттө турду. Аларга бир адам кайрылып, медициналык жардам берилген.

Бишкекте саламаттыкты сактоо мекемелери, бейтапканалар 2-январдан тартып кадимкидей тартипте иштей башташат. 31-декабрдан бери бейтапканаларда күзөт бригадалары гана иштеп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG