Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 24-январь, 2020 Бишкек убактысы 21:05

Иракта АКШ элчилигинин алдындагы митингчилер тарап кетишти


АКШнын Багдаддагы элчилигинин алдындагы нааразылык акциясы. 1-январь, 2019-жыл.

Иран колдогон жарым-жартылай аскердик түзүмдөрдүн өкүлдөрү АКШнын Ирактагы элчилигинин алдынан тарап кетишти. Бул тууралуу Ирактын армиясы 1-январда билдирди. Ошол эле күнү мамлекеттик катчы Майк Помпео Ирактын премьер-министри Адил Абдул-Махди менен телефон аркылуу сүйлөшүп, АКШнын Багдаддагы элчилигинин аймагында болгон зомбулукту кескин айыптады.

31-декабрда «Элдик мобилизация күчтөрү» аттуу шиит кошуунунун жүздөгөн тарапкерлери элчиликтин алдына топтолуп, Вашингтон «Катаиб Хезболла» тобунун Ирактагы позицияларына сокку урганына нааразылык билдиришкен. Алардын айрымдары АКШ элчилигинин имаратына кирүүгө аракет кылып, дипломатиялык өкүлчүлүктү кайтарган америкалык күчтөр көздөн жаш агызуучу газ колдонууга аргасыз болушкан. Митингчилердин бир бөлүгү элчиликтин айланасында түнөп калышкан. Бул окуядан кийин Пентагон Жакынкы Чыгышка кошумча аскерлерин жөнөтүүнү чечкен.

Ирактык шиит күчтөрүнөн турган «Катаиб Хезболла» кошуунун Иран колдоп келет. 29-декабрда Кошмо Штаттар бул топтун Ирак менен Сириядагы позицияларына абадан сокку уруп, андан кошуундун 25 мүчөсү курман болгон. Вашингтон «Катаиб Хезболла» кошууну чөлкөмдөгү америкалык күчтөргө тынымсыз чабуул коюп жатканын жүйө келтирген.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG