Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:15

Түрк парламенти Ливияга аскер жөнөтүү маселесин караганы жатат


Президент Эрдогандын түрк парламентиндеги кайрылуусу. 25-декабрь, 2018-жыл.
Президент Эрдогандын түрк парламентиндеги кайрылуусу. 25-декабрь, 2018-жыл.

Түркиянын парламенти Ливияга түрк аскерлерин жөнөтүү маселесин талкуулаганы жатат. Ал үчүн депутаттар 2-январда чукул жыйынга чогулууда. Эгер демилге парламентте колдоо тапса, анда түрк күчтөрү Ливиянын Бириккен Улуттар Уюму тааныган өкмөтүнө жардам көрсөтөт.

Триполини көзөмөлдөгөн бул өкмөт өлкөнүн чыгыш аймактарын колуна алган генерал Халифа Хафтар жетектеген «Ливиянын улуттук армиясы» менен тирешип жатат. 26-декабрда премьер-министр Фаиз Сараждын өкмөтү Анкарадан аскердик жардам сураган. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган генерал Хафтарды «чыккынчы» деп мүнөздөп, Ливияга аскер жөнөтүү маселеси парламенттин кароосуна коюларын билдирген.

Ливияда 2011-жылы диктатор Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери ич ара согуш токтобой келет. 2019-жылдын жазында генерал Хафтардын армиясы Триполиге бир нече ирет чабуул койгон. Анын күчтөрүн Орусия, Кытай, Египет, Бириккен Араб Эмираттары жана Иордания колдой тургандыгы кабарланып келет.

XS
SM
MD
LG