Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Монтенегродогу дин мыйзамы Орусияны тынчсыздандырды


Монтенегронун полициясы менен православ чиркөөсүнүн өкүлдөрү, Подгорица. Декабрь, 2019-жыл.
Монтенегронун полициясы менен православ чиркөөсүнүн өкүлдөрү, Подгорица. Декабрь, 2019-жыл.

Монтенегродо (Черногория) диний уюмдардын мүлкүнө байланыштуу мыйзам Серб православ чиркөөсүнүн жана Орусиянын нааразылыгын жаратууда. 1-январда бир нече миң адам кайрадан баш калаа Подгорицада митингге чыкты. Алар жаңы мыйзам бийликке серб чиркөөлөрүнүн кыймылсыз мүлкүн тартып алууга мүмкүнчүлүк берерин билдирип жатышат. Мындай дооматты Балкан жарым аралында жайгашкан өлкөнүн бийлиги четке каккан.

Монтенегронун президенти Мило Жуканович 28-декабрда кол койгон мыйзамга ылайык, диний уюмдар кайсы бир турак жайга 1918-жылга чейин эле ээлик кылууга укугу бар экенин далилдеп бериши керек. Дал ушул жылы Монтенегро эгемендигинен ажырап, сербдер жетектеген Балкан падышалыгына кошулган.

Документ кабыл алынгандан бери Подгорицада нааразылык токтобой жатат. 31-декабрда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тынчсыздануусун билдирип, жаңы мыйзамды «Серб православ чиркөөсүн Монтенегродон сүрүп чыгарууну көздөгөн» документ катары мүнөздөдү. Расмий Подгорица Москваны өлкөнүн ички ишине кийлигишпөөгө чакырды.

НАТОго (Түндүк Атлантикалык Альянс) кошулганына эки жарым гана жылдай болгон Монтенегро 2006-жылы Сербия менен союздан чыгып, эгемендигин жарыялаган. Бул өлкөнүн 600 миңдей калкынын 70% өздөрүн православ христиандары деп эсептейт.

2016-жылы расмий Подгорица Москваны Монтенегронун НАТОго мүчө болушунун алдын алыш үчүн «төңкөрүш уюштурууга аракет кылды» деп айыптаган. Кремль мындай дооматтарды четке каккан.

XS
SM
MD
LG