Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:23

Тайвандын кол башчысы тик учак кырсыгында каза тапты


Тик учак кырсыктаган аймак. 2-январь, 2020-жыл.
Тик учак кырсыктаган аймак. 2-январь, 2020-жыл.

Тайванда аскердик тик учак кырсыкка учурап, андан армиянын кол башчысы генерал Шэн Имин баштаган сегиз киши каза тапты. Коргоо министрлиги билдиргендей, 13 кишини салып бараткан «Блэк Хок» тик учагы Тайбэй шаарынын чекесине чукулунан конгон. Беш жүргүнчү аман-эсен куткарылды. Кырсыкка эмне себеп болгону айтыла элек.

Тайвань армиясынын башкы штабынын жетекчиси, 62 жаштагы Шэн Имин аралдын түндүк-чыгышындагы аскердик бөлүккө учуп баратканы белгилүү болду. Бул кырсык Тайванда президенттик жана парламенттик шайлоолор өтөөрүнө бир жума калганда болду.

Расмий Бээжин Тайванды Кытайдын бир бөлүгү деп эсептейт. Бирок Кытайдын түштүк-чыгышындагы бул аралдын бийлиги Бээжиндин таасирин тааныбай, аймактын өз алдынчалыгын жактап келет.

XS
SM
MD
LG