Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:48

Гонконгдо жаңы жыл майрамында 400дөй демонстрант кармалды


Гонконгдогу 1-январдагы демонстрация.
Гонконгдогу 1-январдагы демонстрация.

Кытайдын Гонконг районунда демократиячыл кыймылдардын нааразылык акциясы 1-январда да уланды. «Reuters» маалымат агенттиги кабарлагандай, ал күнү 400гө чукул демонстрант «мыйзамсыз жыйынга чогулду» деген жүйө менен кармалды. Полиция түмөндөгөн адамдарды таркатыш үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Уюштуруучулардын айтымында, жаңы жылдын алгачкы күнү бир миллиондой адам жүрүшкө чыкты. Полиция демонстранттардын санын 60 миң деп көрсөттү.

Гонконгдо июнь айында бийликке каршы демонстрациялар башталгандан бери 7 миңдей демонстрант кармалды. Басымдуу бөлүгүн студенттер түзгөн миңдеген адамдардын көчөгө чыгышына кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору себеп болгон. Ал документ артка чакыртылганы менен бийликке каршы нааразылык толкуну токтогон жок.

1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылып берилген.

XS
SM
MD
LG