Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:18

Москвада мигранттар үчүн патент баасы кымбаттады

Москвадагы мигранттарга иштөөгө уруксат берген патент баасы 7% кымбаттады. 

"Интерфакс" кабарлагандай, салыкка байланыштуу мыйзамга Москва Думасы өзгөртүүлөрдү киргизген. 2019-жылы мигранттар айына 5000 рубль төлөсө, 2020-жылы 5350 рубль төгүшү керек. 

Бул мыйзамдын кыргызстандыктарга тиешеси жок. Орусияда украиналыктар, өзбекстандыктар, азербайжандыктар, молдовалыктар жана тажикстандыктар патент менен иштеши керек. Мындай эреже 2015-жылы киргизилген. 

Москванын экономикалык саясат жана өнүгүү департаментинин маалыматына караганда, 2019-жылы чет элдиктер патенттердин эсебинен бюджет 18 миллиард рублга толукталган. 

XS
SM
MD
LG