Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Иран бийлиги АКШга жооп кайтара турганын билдирди


Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи.
Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи.

Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи таасирдүү командир Касем Сулейманини өлтүргөндөрдү "кылмышкер" деп атап, аларга "кескин жооп кайтарыларын" эскертти. Ал АКШнын соңку кадамы Иран элин Вашингтондун саясатына каршы турууга "эки эсе шыктандыра турганын" жума күнү жарыялаган билдирүүсүндө белгиледи.

Ирандын президенти Хасан Роухани өз өлкөсү АКШга дагы чечкиндүүлүк менен каршы турарын, Тегеран жана анын чөлкөмдөгү өнөктөштөрү "өч аларын" айтты.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «Кудс» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани 3-январда Багдад аэропортунун жанында аба соккусунан мерт болду. Маалыматка ылайык, таасирдүү командир түшкөн автоунаага дрондон сокку урулган.

АКШнын армиясы бул операцияны "коргонуу" максатында уюштурганын, Сулеймани Кошмо Штаттардын чөлкөмдөгү кызыкчылыктарына сокку урууга камылга көрүп жүргөнүн билдирди.

62 жаштагы Касем Сулейманинин өлүмүнө байланыштуу Иранда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

XS
SM
MD
LG