6-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу аймактарында кар жаайт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир тоолуу райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;
Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;
Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз -6…-11;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -6…-11 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 5...7 градус болот.