Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Москвада бычак жеген кыргызстандыктын сөөгү алынып келе элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада киши колдуу болгон кыргызстандык жигиттин сөөгү жакынкы күндөрү үйүнө жөнөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, иш тергеле баштады, азырынча моргдогу документтер бүтпөй жатат.

25 жаштагы Адилет Байсабаев 31-декабрда бычак жеп каза болгонун «Азаттыкка» анын жакын тууганы Айсалкын Кадырбаева билдирди:

- Москвада агасы чуркап жүрөт. Алып келе албай жатышат. Өлгөндөн да ушинтип күтүп отурган жаман экен. Барып-келип иштеп жүрчү.

Маркумдун артында эки кичинекей кызы калды. Алар Кыргызстанда чоң апасынын колунда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылы чет жактан 319 кыргыз жаранынын сөөгү келген.

«Жүк-200» көбүнчө Орусиядан (231) келди. Казакстандан 22, Өзбекстандан 15, Түркиядан 18, Индиядан тогуз «Жүк-200» келген. (RK)

XS
SM
MD
LG