Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 04:45

Беларус менен Орусия мунай боюнча мунасага келди


Иллюстрациялык сүрөт.

Беларус январь айында Орусиядан 650 миң тонна мунай сатып алмай болду. Бул тууралуу «Белнефтехим» ишканасынын жетекчи орун басары Владимир Сизов билдирди.

«Мунайды кайра иштетүү заводдорубуздун ишин үзгүлтүккө учуратпоо жана ички рынокту тиешелүү көлөмдө камсыз кылуу үчүн орусиялык мунай компанияларынын бири менен алгачкы этапта 100-130 миң тонна тууралуу макулдаштык. Жалпысынан бул айда 650 миң тонна мунай келет деп болжолдоп жатабыз», деди Сизов.

Мунай маселесин Беларус менен Орусиянын жетекчилери 30-31-декабрда бир нече ирет талкуулап, бирок мунасага келген эмес.

Жума күнү «Белнефтехим» Орусиядан мунай келбей калганын, заводдор буга чейинки калган чийки затты иштетип жатканын билдирген.

Ишембиде мунай иштетүүчү ишканалар кадимки тартипте иштей баштады. (RK)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG