Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:30

Дүйшөмбү шаарында АКШ менен Тажикстандын кызматташтыгы талкууланат


Алиса Уэллс.
Алиса Уэллс.

Дүйшөмбү шаарында АКШнын Тажикстан менен кызматташтыгы талкууланат. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын биринчи орун басары Алиса Уэллс 6-7-январда бул өлкөдө иш сапарында болот.

Мамлекеттик департаменттин маалыматына караганда, «коопсуздук жаатында аймактагы кызматташтыкты тереңдетүү, экономика жана энергетика тармактарында байланыштарды кеңейтүү, адамдар ортосунда мамилени бекемдөө» маселелери талкууланат.

Кошмо Штаттар 2019-жылы Борбор Азиядагы беш мамлекет менен мамилесин жандандырганын жакында Мамлекеттик департамент кабарлаган.

АКШ бул аймак менен мамилесин чыңдоо аракетин Кытайдын Шиңжаң аймагында адам укуктарынын абалына таасир этүүгө жана Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууга умтулуу менен түшүндүрүп келет. (RK)

XS
SM
MD
LG