Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:13

Бекешев мамкызматкерлерге салык документтерин текшерүүнү сунуш кылды


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ар бир мамлекеттик кызматкер Мамлекеттик салык кызматына суроо-талап жөнөтүп, төлөмдөргө байланыштуу маалыматтарын текшерип турууну сунуш кылды. Бул тууралуу «Твиттерге» жазды.

4-январда депутат салыкчылар ага ашыкча сумма жазып коюп, декларацияны прокуратурага жибергенин, Башкы прокуратура текшере баштаганын да билдирген. Салык кызматкерлери документтерин туура эмес толтуруп койгону үчүн жоопко тартылышы керек экенин айткан.

Башкы прокуратура жана Мамлекеттик салык кызматы депутаттын билдирүүлөрү боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

Бекешев 2015-жылы Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) тизмеси менен Жогорку Кеңешке шайланган. Азыр Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин мүчөсү.

Депутат буга чейин өкмөттү, бийлик өкүлдөрүн сындаган бир катар билдирүүлөрдү жасаган.

XS
SM
MD
LG