Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Ошто уюшкан мал уурулардын тобу кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарына 10 бээни жүк ташуучу автоунаа менен алып бараткан мал уурулардын тобун кармады. Бул тууралуу «Азаттык» мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык мал уурулук боюнча шектүү катары кармалган төрт кишинин үчөө мурда соттолгон. Алардын бирөө Ош шаарына караштуу Алмалык айылынын, үчөө Ноокат районунун тургундары. Кылмышка шектүүлөр милицияга берген алгачкы көрсөтмөсүндө жылкыларды жайыттан уурдаганын айтышкан.

Милициянын маалыматына ылайык кармалгандар Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда топтун башка кылмышка тиешеси бар-жогу иликтенип жатат.

XS
SM
MD
LG