Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Триполиде аба соккусунан бери дегенде 30 адам өлдү


Триполиден тартылган сүрөттөрдүн бири. Кабардагы окуяга тиешеси жок.
Триполиден тартылган сүрөттөрдүн бири. Кабардагы окуяга тиешеси жок.

Ливия баш калаасы Триполиде аскер окуу жайына урулган аба соккусунан бери дегенде 30 адам курман болуп, 33 киши жараат алды. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги негизинен курсанттар курман болгонун маалымдады. Сокку 5-январда курсанттар машыгып жатканда болгон.

Улуттук биримдик өкмөтү бул кол салууга «Ливия улуттук армиясы» кыймылынын башчысы Халифа Хафтардын жактоочулары жоопкер экенин билдирди. Кыймыл бул дооматты четке кагууда.

Улуттук биримдик өкмөтү БУУнун арачылыгы менен 2016-жылы түзүлгөн. Триполини көзөмөлдөгөн бул өкмөт өлкөнүн чыгыш аймактарын колуна алган генерал Халифа Хафтар жетектеген «Ливиянын улуттук армиясы» менен тирешип жатат.

2019-жылы Хафтардын күчтөрү Триполиге бир нече жолу чабуул коюп, декабрь айында баш калаа үчүн күрөштүн акыркы фазасына аз убакыт калганын эскерткен.

Ливияда ар кандай топтордун ички куралдуу кагылыштары 2011-жылдан бери уланып келатат.

XS
SM
MD
LG