Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Өкмөт виза берүүнүн шартын жеңилдетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү виза берүү тартиби боюнча нускаманы өзгөрттү. Тиешелүү чечимге жыл башында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөт кабарлады.

Жаңы документ визаны тариздөөнү санариптештерүү, «электрондук виза» системасын өркүндөтүү, коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу максатында кабыл алынганы айтылган.

Ага ылайык, мамлекеттик органдар башка өлкөдөн келген адамдар жөнүндө маалыматтарды ыкчам алмашып, виза берүүнү тездетет жана чет өлкөлүк жарандардын уруксат берүүчү документтерди толтуруудагы шарттары жана жол-жоболору жеңилдеши керек.

Өкмөт мындай жол менен Кыргызстанга келчү туристтердин санын көбөйтүүнү максат кылууда.

Кыргызстан 2012-жылдан тартып АКШ, Германия, Франция, Жапония сыяктуу дүйнөнүн өнүккөн 45 өлкөсүнүн жарандарына визасыз келүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алынган.

Бул мамлекеттердин жарандары виза албастан Кыргызстандын аймагында 60 күн жүрө алат. (BkA)

XS
SM
MD
LG