Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Баткенде аялын токмоктоп өлтүрдү деген жаран эки айга камалды


Баткенде аялын токмоктоп өлтүргөнү кабарланган киши эки айга камакка алынып, ал боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Нурлан Шайбек уулу билдирди.

Маалыматка ылайык ушул жылдын 4-январына караган түнү аялын токмоктоп өлтүргөн деген шек менен Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 31 жаштагы тургуну кармалган. Ал алгачкы көрсөтмөсүндө алты жылдан бери чогуу жашаган аялы менен кер-мур айтышып сабап койгонун айткан.

Милициянын маалыматына караганда «Тез жардам» менен ооруканага жеткирилген аялдын денесинде көк ала тактар жана бутунда күйүктүн тагы аныкталган. Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130 беренеси («Киши өлтүрүү») менен катталып, иликтөө иштери башталды. (MdN)

XS
SM
MD
LG