Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Каракол чаңгы базасында узун кезек пайда болду


Каракол.
Каракол.

Акыркы күндөрү Каракол тоо чаңгы (лыжа) базасына кеткен жолдо эс алуучулардын узун кезеги пайда болду. Бул тууралуу аталган базада иштегендер «Азаттыкка» билдиришти. Чаңгы тебүү инструктору Пархат Дараевдин айтымында, акыркы күндөрү базага бараткан жолдо бир нече чакырымга созулган автунаалардын кезеги туруп калчу болду. Буга жолго кум төгүлбөгөнү да себеп болууда.

Ак-Суу районунун акими Акыл Тукебаевдун айтымында, Каракол тоо чаңгы базасына барчу жол шаардын да, райондун да балансына кирбегендиктен тейленбей калып жатат.

- Азыр бул жол каралбай эле турат, бирок негизи Каракол шаарынын аймагында. Эгер тигил же бул аймактын балансына берсе биз кышкысын кум төгүп, тиешелүү деңгээлде караганга даярбыз, - деди аким.

Эс алуучулардын көптүгүнөн Караколдогу конок үйлөрүндө да бош орундар жок болуп жатканы кабарланууда.

Кыргызстанда быйыл кар аз жаагандыктан кышкы эс алуу сезону кеч башталды. Учурда Бишкектин айланасында кар аз түшкөндүктөн «Чуңкурчак», «Чоң-Таш» жана «Тогуз-Булак» чаңгы базалары иштебей турат. Буга байланыштуу эс алуу күндөрү борбордон Караколго муз тебиш үчүн баргандар көп болууда. (KS)

XS
SM
MD
LG