Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Донбасста бир суткада 2 жоокер курман болду


Донбасстагы уруш зонасы. 2-январь, 2020-жыл.
Донбасстагы уруш зонасы. 2-январь, 2020-жыл.

Донбасста акыркы 24 саатта украиналык эки жоокер окко учту, дагы бирөө жарадар болду. Бул тууралуу өкмөттүк армиянын штабы билдирди. Маалыматка караганда, жикчилдер бир нече жолу ок атышпоо режимин бузуп, тыюу салынган калибрдеги миномёттордон, пулемёттон жана гранатомёттордон аткылашкан. Штаб бир аскер көзгө атардын огунан мерт болгонун, экинчиси минага кабылып өлгөнүн белгиледи.

Өздөрүн «Донецк элдик жумурияты» деп атаган жикчилдер украиналык аскерлер бир суткада 5 жолу элдешүүүнүн шарттарын бузушканын айтышууда. Алар шахталар бутага алынганын билдиришти. Жикчилдер же жайкын эл арасындагы жоготуулар тууралуу маалымат берилген жок.

1-январдан тартып Украинанын чыгышында кезектеги жарашуу келишими күчүнө кирди. Анын шарттары былтыр декабарда Парижде «Норманд төрттүгү» тарабынан макулдашылган. Бирок ок атышууну токтотуу режими толук сакталбай келатат. Тараптар бул үчүн бири-бирин айыпташууда.

XS
SM
MD
LG