Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:55

Ганус: Орусиянын апелляцияны жеңүү шанстары аз


Юрий Ганус.
Юрий Ганус.

Орусиянын Допингге каршы агенттигинин (RUSADA) жетекчиси Юрий Ганус анын өлкөсү дүйнөлүк агенттик – WADA кабыл алган чечимге каршы апелляцияны жеңери күмөн экенин билдирди. Ал чечимге ылайык, Орусияны ири спорттук мелдештерден, анын ичинде олимпиадалардан 4 жылга четтетүү каралган. Ганус 3-январда «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна интервью берген маалда «орусиялык атлеттер бейтарап желек астында да мелдештерге катыштырылбашы мүмкүн» деди.

WADA Орусиянын базасынан алынган лабораториялык маалыматтардын көчүрмөсү бурмаланганын аныктаган. Мындан улам орусиялык спортчуларды четтетүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул - өлкөнүн символикасына (туусуна, гимнине) Токио Олимпиадасы, футбол боюнча дүйнө чемпионаты өңдүү чоң мелдештерге катышууга тыюу салынат дегенди билдирет.

XS
SM
MD
LG