Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Тажикстанда «Мусулман агайыңдардын» мүчөсү катары 27 киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда «Мусулман агайыңдар» кыймылынын мүчөлөрү деген шек менен 27 киши кармалды. Бул тууралуу «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматы өз булактарына таянып маалымдады.

Бул уюмга 2006-жылдан бери өлкөдө тыюу салынган. Булактар ырастагандай, кармалгандардын арасында динаятчылар, жогорку окуу жайларынын мугалимдери жана бир айыл өкмөт башчысы бар. Азырынча аларга айып коюла элек.

«Мусулман агайыңдар» - эл аралык диний-саясий уюм, 1928-жылы Египетте түптөлгөн. Бир нече өлкөдө мыйзамдуу саясий күч болуп саналат жана парламентте өкүлдөрү бар. Бир катар өлкөлөрдө, мисалы Орусияда бул кыймылга тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG