Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 29-январь, 2020 Бишкек убактысы 05:47

Орусиянын суранычы менен БУУ Ливиядагы кырдаалды талкуулайт


Сарраж жана Эрдоган.

Орусия Ливиядагы кырдаалды талкуулаш үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүү тууралуу демилге көтөрдү.

Ушул тапта Ливия борбору Триполиде өкмөт башчы Фаяз Сарраждын өкмөтү мамлекеттин чыгышында генерал Халифа Хафтар жетектеген атаандаш бийликке каршы күрөшүүдө.

Генерал Хафтардын күчтөрү 2019-жылдын апрелинде баш калааны ээлеш үчүн кол салуу уюштурушкан. Генералды Египет, Бириккен Араб Эмираттары жана башка мамлекеттер колдоп жатканы айтылууда.

Маалыматтарга караганда, апрелдеги кол салууда Орусиянын жалданма аскерлери да катышкан. Бирок Москва муну четке кагып келатат.

2-январь күнү Түркиянын парламенти кезектен тыш жыйын куруп, Ливияга бир жылга аскер жөнөтүүнү чечкен эле. 5-январда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Ливияга координация жана операция борборун түзүш үчүн аскерлер жибериле турганын жарыялаган.

Түркиянын Ливияга аскер жөнөтүү боюнча чечимине Сарраждын өкмөтү Анкарадан жардам сураганы түрткү болгон.

2019-жылдын ноябрында Түркия менен Ливия коопсуздук жаатында кызматташууну макулдашкан. Бул макулдашуу Анкарага Жер Ортолук деңизинде газ табылган ири аймактарды өздөштүрүүгө укук берет.

Триполи менен Анкаранын келишимин айрым мамлекеттер, анын ичинде Грекия менен Кипр сындап келатат.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG