Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Бүгүн православдар Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилешет


Kyrgyzstan - Christmas celebration in Bishkek, Christianity, religion, Christian, generic, 7 January 2018
Kyrgyzstan - Christmas celebration in Bishkek, Christianity, religion, Christian, generic, 7 January 2018

Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстанда православдар 7-январда Иса пайгамбардын туулган күнүн (Рождество) майрамдашат.

Иса пайгамбардын туулган күнүн Орусиядагы, Болгариядагы, Сербиядагы жана бир катар өлкөлөрдөгү православ чиркөөлөрү эски Григориан жылнаамасы боюнча 7-январда белгилешсе, жаңы Юлиан жыл эсебин карманышкан католиктер 25-декабрда өткөрүшөт.

Кыргызстанда христиан дининин православ багытын тутунгандардын саны болжолдуу 500 миңге жакын экени айтылып келет.

Иса пайгамбардын туулган күнү Кыргызстанда расмий майрам күн катары эсептелет.

Өлкөдө ушул тапта православ, католик багытындагы 50дөн ашык диний мекеме иш жүргүзөт. (SE)

XS
SM
MD
LG