Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:57

Кочкордо 37 жаштагы аял күйөөсүнүн токмогунан каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мындай факт 1-январда Кочкор районунун ички иштер бөлүмүндө катталган. Нарын облустук милициянын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулованын айтымында, окуя түнкү саат 12.30 чамасында болгон.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон Кочкор районунун Жаңы-Жол айылына барып, 1983-жылы туулган С.Ж. аттуу жарандын сөөгүн сыртынан караган учурда өлүктүн оң көзү жана чыкыйы көгөрүп калганын байкашкан.

Бул окуяга байланыштуу шектүү катары маркумдун күйөөсү камакка алынды. Алгачкы териштирүүдө ал аялы менен уруша кеткенин, эки жолу жаакка муштап, андан соң каракушка бир жолу тээп жибергенин айткан.

Жубайлардын бир уул, бир кызы бар.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. (MiK)

XS
SM
MD
LG