Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Москвада киши колдуу болгон кыргызстандыктын сөөгү мекенине жөнөтүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада киши колдуу болгон 25 жаштагы Адилет Байсабаевдин сөөгү мекенине 6-январда кечке маал жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Байсабаев 31-декабрда бычак жеп каза тапкан. Учурда бул кылмыш боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иши жүрүп жатат. Кыргыз элчилиги бул ишти көзөмөлдөп, тергөө менен кызматташып жатканын кабарлады.

Маркумдун артында эки кичинекей кызы калды. Алар Кыргызстандагы чоң апасынын колунда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылы чет жактан 319 кыргыз жаранынын сөөгү келген. (BKA)

XS
SM
MD
LG