Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

АКШ: Демократтар Иран боюнча Трамптын укуктарын чектөөнү көздөп жатышат


Ненси Пелоси.
Ненси Пелоси.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасынын спикери, демократ Ненси Пелоси президент Дональд Трамптын Иранга карата аскердик аракеттерди көрүү боюнча ыйгарым укуктарын чектеген резолюция добуш берүүгө чыгарыларын жарыялады. Пелосинин айтымында, резолюция 30 күнгө Трамптын Конгресстин макулдугу албастан Иранга карата аскердик операция башташына тыюу салат.

Ушундай эле резолюцияны Сенатка демократ Тим Кейн да сунуш кылды. Мындан башка да бир нече сунуштар талкууланып жатат. Быйыл өтчү президенттик шайлоодо демократтардан талапкерлердин бири катары сунушталып жаткан сенатор Берни Сандерс Конгресс менен макулдашпаган аскердик операцияларды каржылоону токтотуу зарыл экенин айтып чыкты.

Демократтар мындай резолюциялар аркылуу АКШ президенти Дональд Трамптын Иранга байланыштуу акыркы чечимдерин көзөмөлгө алууга аракет кылышууда. 3-январда Трамптын буйругу менен ирандык белгилүү генерал Касем Сулеймани АКШнын атайын операциясынын натыйжасында өлтүрүлгөн. Бул АКШ менен Ирандын мамилесин кескин чыңалтып, ар кыл кооптонууларды жаратууда.

Демократиялык партиянын бир катар лидерлери Дональд Трамптын Сулейманини жок кылуу боюнча буйругун сындап чыгышкан.

XS
SM
MD
LG