Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:28

Пентагон: АКШ Ирандын маданий жайларын бутага албайт


Марк Эспер.
Марк Эспер.

АКШнын коргоо министри Марк Эспер президент Дональд Трамптын Иранга байланыштуу соңку билдирүүсү боюнча комментарий берди. Ал 6-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кошмо Штаттар Ирандын маданий жайларына сокку урбай турганын, согуш, куралдуу кагылыштар тууралуу мыйзамды бузбай турганын айтты.

Мунун алдында АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Тегеран америкалыктардан өч алгысы келсе Ирандын 50дөн ашык жерине, алардын арасында маданий жайларга катуу сокку уруларын эскерткен.

Эл аралык мыйзамдарга, келишимдерге ылайык, маданий жайларды бутага алып, сокку уруу аскердик кылмыш болуп эсептелет.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал АКШ авиациясы өткөн аптада Багдадда Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулейманини өлтүргөндөн тартып курчуп жатат.

АКШнын Өкүлдөр Палатасы Трамптын Иранга каршы аскердик чара көрүү укуктарын чектеш үчүн резолюция кабыл алганы жатат. Конгресстин төмөнкү палатасынын спикери Нэнси Пелоси документ ушул жумада каралып, добушка коюларын билдирген.

XS
SM
MD
LG