Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Гүлнара Каримованын дагы бир кылмыш иши тергелип бүттү


Гүлнара Каримова.
Гүлнара Каримова.

Өзбекстанда мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримованын дагы бир кылмыш иши тергелип бүттү. Башкы прокуратура ага опузалап акча талап кылуу, мамлекеттин казынасына кол салуу, арам акчаны адалдоо фактылары боюнча айып коюлганын, кылмыш иши сотко жөнөтүлгөнүн билдирди.

Былтыр август айында Каримовага дагы эки кылмыш иши козголгону ачыкка чыккан. Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө Каримова эки мамлекеттик компаниянын - «Кувасайцемент» менен «Бекабадцементтин» акцияларын арзан баада сатып алып, кайра чет элдиктерге сатканы айтылган. Анда кылмыш иштери эл аралык компаниянын арызынын жана маалыматтарынын негизинде козголгон.

Каримовага 2015-жылы Швецияда, Швейцарияда жана АКШда кылмыш иштери козголуп, ал миллиард доллардай каражатты өздөштүрүп алган деп айыпталган. Бул акчаны ага Өзбекстанда Интернет менен камсыз кылууну көздөгөн алты телекоммуникациялык компания пара катары бергени айтылган.

2017-жылы атасы көз жумгандан кийин Каримова Өзбекстанда «Салык төлөөдөн качуу», «Акча уурдоо», «Опузалоо» жана «Офшордук компаниялардын документтерин жок кылуу» беренелери боюнча 10 жылга эркинен ажыратылган.

Кийин үй камагына которулуп, быйыл март айында үй камагынын тартибин бузган деген айып менен Ташкент облусундагы түрмөгө киргизилген. Ал күнөөсүн мойнуна алган эмес.

XS
SM
MD
LG