Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 21-январь, 2020 Бишкек убактысы 09:39

Тегеранда кулаган «Боинг 737-800» Киевге бараткан


Тегеран. Кырсык болгон жер.

Ирандын борбору Тегерандагы Имам Хомейни аэропортунда кулаган учак Киевдеги Борисполь аэропортуна багыт алган. Бул тууралуу учак таандык болгон «Украинанын эл аралык аба жолдору» (UIA) компаниясынын сайтында жазылган.

Кырсыкка кабылган жүргүнчүлөрдүн тагдыры тууралуу азырынча так маалымат жок.

Ичинде 170тен ашык жүргүнчү жана экипаж бар «Боинг 737-800» үлгүсүндөгү учак жергиликтүү убакыт боюнча саат 5:15та аэропорттон учуп чыгышы керек болчу. Учак көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулаган.

Ирандын расмий жана жарым-жартылай расмий маалымат каражаттары жазганына караганда, кырсыкка учактагы техникалык мүчүлүштүктөр себеп болушу мүмкүн.

Ирандын Жарандык авиация уюмунун өкүлү Реза Жафарзаде кырсык болгон жерге куткаруучулар жөнөтүлгөнүн мамлекеттик телеканал аркылуу сүйлөп жатып билдирди.

Ал эми бул өлкөнүн Чукул жардам кызматынын башчысы Пирхоссейн Куливанд болсо: «Учак күйүп жатат, бирок биз экипаж жөнөттүк... айрым жүргүнчүлөрдү сактап кала алабыз», - деди.

Буга чейин Ирандагы маалымат каражаттары кырсыкка учураган учакта 180 жүргүнчү бар экенин жазып чыгышкан.

«Боинг 737-800» - абдан көп колдонулган бир моторлуу эки кыймылдаткычы бар лайнер. Ал көбүнесе кыска жана орто аралыктагы каттамдарга учат. Дүйнөдө мындай үлгүдөгү миңдеген учактар учуп жүрөт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG