Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 26-январь, 2020 Бишкек убактысы 12:32

Активисттер Киевди блогер Ахметти Казакстанга өткөрбөөгө чакырышты


Блогер Жанара Ахметти экстрадициялабоого үндөгөн активисттер. Алматы, 8-январь, 2020-жыл.

Алматыда 8-январда активисттер тобу украин бийлигин блогер Жанара Ахметти Казакстанга экстрадициялабоого чакырышты. Активисттер 2017-жылдан бери Киевде баш калкалап келаткан блогер мекенинде куугунтукталышы мүмкүн экенин эскертишти. Акциянын башында чогулгандар украиналык учактын Тегеранда кыйрашына байланыштуу көңүл айтышты. Райондук прокуратура жана акимиат өкүлдөрү активисттерди тарап кетүүгө үндөп, иш-чара мыйзамсыз өтүп жатканын айтышты.

Жанара Ахмет шаршембиде социалдык тармактар аркылуу билдиргендей, казак бийлиги аны «көз боёмочулук» ишине байланыштуу өткөрүп берүүнү талап кылууда. Казак бийлиги бул маалыматка комментарий берген жок.

Алматылык блогер Украинага 2017-жылдын март айында качып барып, саясий башпаанек сураган. Мекенинен кеткенин Ахмет «саясий себептерден куугунтукка кабылганы» менен түшүндүргөн. Ал Киевде казак өкмөтүн сындаган материалдарын жазууну уланткан.

Буга чейин Казакстан Украинага кайрылып, блогерди экстрадициялоону суранган.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG