Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Сомалинин борборунда бомба жарылды


Могадишодогу кол салуу. 28-декабрь, 2019-жыл.
Могадишодогу кол салуу. 28-декабрь, 2019-жыл.

Сомали парламентинин жанында бомба коюлган машине жарылып, кеминде 4 киши өлдү, 10 чактысы жарадар болду. Баш калаа Могадишо шаарынын полиция өкүлү Адан Абдуллахи дүрмөттөлгөн машине коопсуздук бекетинин жанында жарылганын, айдоочу парламент имараты тарапка өтүүгө аракеттенгенин билдирди.

Полициянын маалыматына караганда, кол салуу үчүн «Аль-Каида» экстремисттик уюму менен байланыштагы «Ал-Шабааб» тобу жоопкерчилик алды. 10 жылдан бери Сомали өкмөтүн төңкөрүүнү көздөгөн согушкерлер 28-декабрда Могадишодо уюштурган теракттан 81 киши курман болгон. Уюм ошондой эле чөлкөмдө өз таасирин жайылтууга жетишип, асыресе Кенияда бир нече кол салууну ишке ашырган.


XS
SM
MD
LG