Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Ала-Букада өзбек чек арачылары кармаган тургун коё берилди


Кыргыз-өзбек чек арасына орнотулган жазуу. 2012-жыл.
Кыргыз-өзбек чек арасына орнотулган жазуу. 2012-жыл.

Өзбекстандык чек арачылар 8-январда 200 баш майда жандыгы менен кармаган жергиликтүү тургунду кайтарып беришти. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ала-Бука районунун акими Эмил Исакулов билдирди.

- Райондун Кумдак айылынын тургуну такталбаган аймакта кой багып жүргөн жерде бүгүн өзбек чек арачылары кармап турушкан. Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн негизинде көп узабай айыл тургуну жандыктары менен бирге кайтарылды. Мен өзүм ал жигит менен жолугушуп, ал-акыбалын билдим. Мындан сырткары Чоң-Сай айылынын тургундары менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк, – деди Исакулов.

6-январда да кыргыз жарандары менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосунда чыр чыккан. Абал курчуп кетип, өзбек аскерлери асманга эскертүү иретинде ок атышкан. Андан эч ким жабыркаган эмес.

Окуя Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагындагы Ак-Курча деген жерде болгон. Кыргызстандыктардын кой-эчкиси эки өлкө ортосундагы такталбаган аймакка өтүп кеткендиктен, өзбек аскерлери аларды алып коюшкан. Ошондон кийин коңшу өлкөнүн чек арачылары менен мал ээлери уруша кетишкен.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району менен Өзбекстандын Наманган облусу чектешкен аймакта 19 миң гектардан ашык аянт талаштуу деп эсептелет. Эки мамлекет тең жарандардын ортосунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турат.

Эки мамлекеттин ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырымга созулат. Анын 85% такталганы расмий айтылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG