9-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;
Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…1;
Нарында түнкүсүн -19…-24, күндүз -10…-15 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз -1...-3 градус суук болот.