Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Бишкек 2020-жылы Москва менен кызматташууга артыкчылык берет


Кыргыз бийлигинин 2020-жылдагы биринчи кезектеги милдеттеринин катарында Кыргызстан менен Орусиянын өнөкөштүгүнө жана Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иштер турат.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 8-январда президенттик аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйналыш өткөргөндө ушул маселеге да токтолду.

Расмий кабарга ылайык, жыйында 2019-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, 2020-жылга карата максаттар жана артыкчылыктуу милдеттер талкууланды.

2020-жылды Кыргызстан менен Орусиянын өнөктөштүк жылы деп жарыялоо тууралуу Орусия президенти Владимир Путин 2019-жылдын мартында Бишкекке мамлекеттик сапар менен келгенде макулдашылган.

Жээнбеков 3-январда өкмөт башчы менен жолукканда да аталган иш-чараларга көңүл бурарын жана көзөмөлүндө болорун белгилеген. (SE)

XS
SM
MD
LG