Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:43

НАТОнун баш катчысы Ирандын чабуулун айыптады


Йенс Столтенберг.
Йенс Столтенберг.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Ирандын Ирактагы аскердик базаларга койгон чабуулун айыптап, Тегеранды карманууга чакырды. Баш катчы альянстын Ирактагы машыктыруу миссиясынын мүчөлөрү арасында жоготуулар жок экенин билдирди.

8-январга караган түнү Иран генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу иретинде АКШ аскерлери жайгашкан Ирактагы эки аскердик базага сокку урган. Ислам Республикасынын мамлекеттик телеканалы 8-январдын таңында маалымдагандай, бардыгы болуп 15 ракета атылган. Америкалык армиянын өкүлдөрү кеминде эки жайга - Эрбил жана Асад шаарларындагы базаларга түн ичинде сокку урулганын билдирген. Бул базаларда «Ислам мамлекети» террорчул тобуна каршы операция жүргүзгөн АКШ баштаган коалициянын аскерлери жайгашкан. Жоготуулар бар-жогу белгисиз.

Ирак куралдуу күчтөрү 22 ракета атылганын, ирактык аскерлер арасында каза тапкандар болбогонун билдирди.

Ирактын өкмөт башчысы Адел Абдул Махди Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу каралып жатканы жөнүндө Ирандан оозеки кабар алганын анын басма сөз кызматы билдирди. Ошол эле маалда Вашингтон да премьер менен телефондон байланышканы маалымдалды.

Ирандагы таасирдүү генерал, «Кудс» тандалма күчтөрүнүн кол башчысы Сулеймани 3-январда Багдадда америкалык авиациянын соккусунан мерт болгон соң Тегеран менен Вашингтондун тиреши ого бетер курчуп кетти. АКШ «генерал чөлкөмдөгү америкалык объектилерге чабуулдарды уюштурган жана жаңыларын уюштурууну көздөгөн» деп ырастоодо.

XS
SM
MD
LG