Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Стамбулда «Түрк агымы» газ кууру расмий ачылды


«Түрк агымы» куурун ачуу аземи. Стамбул, 8-январь, 2020-жыл.
«Түрк агымы» куурун ачуу аземи. Стамбул, 8-январь, 2020-жыл.

Орусиянын жана Түркиянын президенттери Стамбулда «Түрк агымы» газ куурунун ачылышына катышты. Анын алдында Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган жабык форматта сүйлөшүү өткөрүштү.

Куурду ишке киргизүү салтанатына Сербиянын президенти Александр Вучич жана Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов катышты.

Эрдоган ачылыш аземинде Иран менен АКШнын ортосундагы жаңжалга токтолуп, чыңалуу «эч ким каалабаган чекке» жеткенин айтты.

Кремлдин басма сөз кызматы Путин түрк президенти менен жолугушууда Сирия менен Ливиядагы кырдаалды талкуулай турганын буга чейин маалымдаган.

Эрдоган көптөн бери өз өлкөсүн энергетикалык хабга айлантууну көздөп келет. Беш жылда курулган куурга 8 миллиард доллар жумшалды.

«Түрк агымы» Орусиядан Түркиянын батышына жылына 31,5 миллиард куб метр газ ташып турмакчы. Анын жарымы Балкан жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнө багытталат. Долбоор - Москванын газды Украинаны кыйгап өтчү жолдор менен ташуу максатынын бир бөлүгү.

Жакында «Түндүк агым - 2» долбоору АКШнын санкцияларынан улам токтоп калды.

Орусия былтыр Европага дээрлик 200 миллиард куб метр газ экспорттоду.

XS
SM
MD
LG