Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Украиналык адистер авиакырсыкты Иранга барып иликтешет


Кырсыктан кийинки издөө-куткаруу иштери.
Кырсыктан кийинки издөө-куткаруу иштери.

Украиналык адистер авиакырсыкты иликтөө үчүн Иранга барышат. Бул тууралуу президент Владимир Зеленский билдирди.

Мамлекет башчынын сайтындагы кабарга ылайык, адистер 8-январдын түнү Иранга учушту. Арасында куткаруучулар, Чукул кырдаалдар кызматынын, Тышкы иштер жана Ички иштер министрликтеринин, Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү бар.

Зеленский Киев чет элдик өнөктөштөр менен кеңешип иш алып барарын кошумчалады.

«Украинанын эл аралык аба жолдору» компаниясына таандык «Боинг 737-800» 8-январда эртең менен Тегерандан учуп чыгары менен кулаган. Анда жети өлкөнүн жарандары бараткан. Борттогу 176 кишинин тогузу экипаж мүчөсү болгон, алардын баары көз жумду.

XS
SM
MD
LG