Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

Шаардык сот «7-канал» боюнча Атамбаевдин адвокаттарынын арызын четке какты


Бишкек шаардык соту «7-каналдын» мүлк талашы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттарынын арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу мурдагы президенттин тарапкерлери кабарлашты.

Атамбаевдин тарапкерлери мурдагы президентке таандык экени айтылган «7-каналды» рейдерлик жол менен басып алуу аракети болуп жатканын кабарлашты.

Алардын айтымында, Алмазбек Атамбаев жана «Апрель» фонду 2018-жылы Майрамкүл Мамбеталиева аттуу адамдан «7-каналды» 7 миллион сомго сатып алган. Бирок Мамбеталиева жакында телеканалды сатуу боюнча келишимге кол койбогонун айтып, аны жокко чыгаруу тууралуу өтүнүч менен сотко кайрылган. Бишкектин Октябрь райондук соту бул арызды канааттандырган.

Мурдагы президенттин адвокаттары телеканалды рейдерлик жол менен басып алуу аракети болуп жатканын айтышып, шаардык сотко кайрылган.

Майрамкүл Мамбеталиева акыркы талаш боюнча комментарий бере элек.

«7-канал» - баш кеңсеси Ош шаарында жайгашкан жергиликтүү каналдардын бири.

Бул каналдын мүлкү былтыр мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык мүлк катары камакка алынып, кийин бошотулган.

Каналдын директору Алтынбек Жумаев көрсөтүүгө болгон лицензия Атамбаевге тиешелүү болгонун, бирок мүлкүнө мурдагы президенттин эч кандай катышы болбогонун айтып чыккан. (BkA)

XS
SM
MD
LG