Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Абылгазиев үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны күчөтүүнү сунуш кылды


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын жана Баткен облустарында күйөөлөрүнүн ур-токмогунан каза болгон келиндердин окуясынан кийин үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жазаны күчөтүш керек экенин айтты.

Бул тууралуу өкмөт бүгүн тараткан билдирүүдө айтылды. Анда премьер-министр үй-бүлөдөгү зомбулукту «бүтүндөй коом үчүн трагедия» деп баалап, быйыл өкмөт аялдардын жана балдардын укугун коргоо иштерин күчөтүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

«Баткен жана Нарын облустарында жаш энелердин өлүмүнө алып келген үй-бүлөлүк зомбулук фактылары тууралуу жаңылыктар акыркы күндөрү өлкөнү дуу кылды. Алар үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыгы болуп, балдар жетим калды. Энелери күйөөлөрүнүн колунан каза тапты, алар жасаган кылмышы үчүн катаал жазага тартылат. Акыркы каргашалуу окуялар үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү болуп көрбөгөндөй актуалдуу темага айланганын ачык көрсөтүп турат», - деп айтылат билдирүүдө.

Премьер-министр өлкөдө көп жылдардан бери үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселеси жаап-жашырылып келгенин айтып, коомчулук мындай ырайымсыздыкка көз жумбашы керек экенин кошумчалаган.

Мухаммедкалый Абылгазиев жарандарды үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан коргогон мыйзамдарды өркүндөтүүнү жана жазаны күчөтүүнүн жол-жобосун изилдөөнү тапшырды.

Жаңы жылдан бери Баткен жана Нарын облустарында күйөөлөрүнүн ур-токмогунан 26 жана 36 жаштагы эки келин көз жумган. Бул окуялар коомчулукта талкууланып, үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча чакырыктар айтылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG