Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:14

Ливия: Путин менен Эрдоган тирешкен тараптарды мунасага чакырышты


Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган.
Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган.

Орусия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган Ливиядагы чырдашкан тараптарды 12-январдан тартып ок атууну токтотууга чакырышты. Бул тууралуу орус тышкы иштер министри Сергей Лавров кабарлады. Анын айтымында, Москва менен Анкара Ливия чатагын жөнгө салуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык орток пикир табышты.

Ливияда 2011-жылы Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан кийин түрдүү куралдуу топтордун ортосунда ички чыр-чатактар тынчыбай келатат. Негизги тирешүү БУУ тааныган Улуттук биримдик өкмөтү менен генерал Халифа Хафтар баш ийген парламенттин ортосунда жүрүп жатат.

Өткөн айдын аягында Улуттук биримдик өкмөтү Хафтардын чабуулунун мизин кайтаруу максатында Анкарадан расмий түрдө аскердик жардам сураган. Түркия ушул аптадан тартып аскер жөнөтө баштаган. Орусиянын сунушу менен бул маселе БУУнун Коопсуздук кеңешинде жабык каралган.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Хафтардын тарабында 2 миңдей орусиялык жалданма аскерлер – Вагнердин жеке менчик компаниясынын жоокерлери согушуп жүрүшкөнүн билдирген. Хафтар ошондой эле бир нече жолу Москвага барып кеткен. Бирок орус бийлиги генералды колдоп жатканы тууралуу маалыматты бышыктабайт.

XS
SM
MD
LG