Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:26

Австралиядагы өрттө бир миллиарддан ашык жан-жаныбар кырылды


Окумуштуулардын эсебинде, Жаңы Түштүк Уэлс штатында эле бери дегенде 800 миллиондой жан-жаныбар кырылды.
Окумуштуулардын эсебинде, Жаңы Түштүк Уэлс штатында эле бери дегенде 800 миллиондой жан-жаныбар кырылды.

Сидней университетинин окумуштуулары Австралияда токойлордогу өрттө бир миллиарддан ашык жан-жаныбар жок болгонун болжол менен эсептеп чыгышты. Табигый илимдер факультетинин профессору Крис Дикман билдиргендей, Жаңы Түштүк Уэлс штатында эле бери дегенде 800 миллиондой жаныбыр кырылды. Окумуштуу табият үчүн бул жоготуунун кесепети оор болорун эскертти.

Австралияда былтыр октябрь айында башталган, өлкө тарыхындагы эң кесепеттүү өрттө беш миллион гектардай токой күйүп кетти жана кеминде 24 адам ажал тапты. Виктория менен Жаңы Түштүк Уэлс штаттарында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Айрым райондордо түтүн өтө коюу болгондуктан өрттү абадан өчүрүү мүмкүн болбой жатат. Өрт өчүрүүгө үч миңдей аскер тартылган.

Австралиянын бийлиги өрткө кабылган токойлорду калыбына келтирүүгө 1,5 миллиард доллар бөлүнөрүн билдирген.

XS
SM
MD
LG