Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Текебаевдин соту 23-январга жылдырылды


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда коррупция үчүн айыпталган «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун соту өттү. Жараяндын жүрүшүндө чакырылган күбөлөрдүн бири гана келип, суралды. Калган күбөлөр сотко келбегенине байланыштуу соттук процесс 23-январга жылдырылды.

Буга чейин да бир нече күбө жараянга келүүдөн баш тарткан эле.

Текебаев менен Чотонов «орус жараны Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Айыптоочу тарап окуя 2010-жылдын 13-майында Бишкектин четиндеги «Супара» ресторанында болгонун жүйө келтирген.

Жогорку сот 2019-жылдын 21-августунда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон. Азыр алар үй камагында. (BkA)

XS
SM
MD
LG