Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Милиция Темировго кол салгандарды издөөдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Журналист Болот Темировго кол салуу боюнча ыкчам издөө иши жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, учурда милициянын тергөө тобу окуя болгон жерде иштеп жатат. Кол салгандардын тек-жайы аныктала элек жана кармалган элек.

- Бул кол салуу боюнча маалымат ачыкка чыкканда кошумча кабарлайбыз, - деп билдирди шаардык милициянын басма сөз катчысы Улан Жумаков.

Кыргызстанда коррупциялык жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрү менен белгилүү «FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго бүгүн түшкө маал басылманын кеңсесинин жанынан олбурлуу үч жигит кол салган. Алар журналистке бир нече сокку уруп, телефонун тартып алышкан. Темиров кол салууну өзүнүн кесиби менен байланыштырууда.

Бул кол салууну айыптап өлкөдөгү бир катар журналисттер билдирүү таратып, бийликти кылмышкерлерди аныктоо боюнча чукул аракет көрүүгө чакырышты.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева журналистке кол салууга өкүнүчүн билдирип, бул кылмыш ишинин бети ачылышы керек экенин айтты. (BkA)

XS
SM
MD
LG