Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

«Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи дагы алып баруучусуз өтөт


Оскар сыйлыгы 9-февралда тапшырылат.
Оскар сыйлыгы 9-февралда тапшырылат.

АКШнын Лос-Анжелес шаарында 9-февралда дүйнөлүк киноиндустриянын абройлуу «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт жана анда бул ирет да алып баруучу болбой турганы белгилүү болду. Бул тууралуу АКШнын Кино академиясы «Твиттердеги» баракчасына жазды, бирок себебин түшүндүргөн жок.

Былтыркы иш-чарада алып баруучуга байланыштуу жаңжал чыккан. Комедиялык актер Кевин Харт анын бир кездери «Твиттерге» жазган гомофобиялык сөздөрү Интернетке чыгып кеткенден кийин өткөн салтанатты алып баруудан баш тарткан. Уюштуруучулар ошондон кийин сыйлыктарды тапшырган адамдар кечени алып барышат деп чечишкен.

Мындай окуя тарыхта буга чейин 1989-жылы болгон.

2017-2018-жылдары сыйлык тапшыруу аземине комик жана теле алып баруучу Жимми Киммел алып баруучулук кылган.

XS
SM
MD
LG