Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

ИИМдин жетекчилиги Болот Темировдун окуясын иликтөөнү көзөмөлгө алды


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жетекчилиги «FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировдун токмоктолушуна байланыштуу фактыны көзөмөлгө алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаардык милициясы журналистти сабагандарга издөө жарыялады.

Анын алдында акыйкатчы Токон Мамытов билдирүү таратып, Темировдун окуясын жакшылап иликтөө зарыл экенин, Ички иштер министрлигинин жетекчилиги окуянын чоо-жайын тактоону колго алышы керек болорун билдирген.

Кыргызстанда коррупциялык көрүнүштөрдү жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрү менен белгилүү «FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго 9-январда түшкө маал Бишкекте басылманын кеңсесинин жанынан белгисиз үч жигит кол салган. Алар журналистке бир нече сокку уруп, телефонун тартып алышкан. Темиров муну өзүнүн кесиби менен байланыштырууда. (SE)

XS
SM
MD
LG