Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 19-январь, 2020 Бишкек убактысы 14:32

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылганы кабарланды


Буга чейинки чатактардын биринен тартылган сүрөт.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, бир нече жолу ок атылды. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы «Азаттык» радиосуна кабарлагандай, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылган. Азырынча жарадарлар тууралуу маалымат жок. Ош-Баткен автожолунун Орто-Боз айылынан өткөн Жака-Өрүк аймагында кыргыз жарандарынын эки машинеси талкаланганы маалым болду.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров таңга маал «Азаттыктын» кабарчысына бул окуя тууралуу маалыматты ырастап, ошол маалда тажик тараптан туш келди бирин-серин ок атылып жатканын кабарлады. Ал коңшу өлкөнүн Согди облусунун губернатору менен сүйлөшкөнүн билдирди. Мадумаровдун айтымында анын орун басары Кеңеш Салихов, Баткен районунун акими Каланбек Маркаев жана бир катар күч түзүмдөрүнүн жергиликтүү жетекчилери окуя болгон жерде жүрүшөт.

Акыркы жолу 18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыр чыккан. Анда кыргыз тараптан баш-аягы алты киши жабыркаган. Анын ичинде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички аскеринин бир кызматкерине жана Баткендин Самаркандек айылдык кеңешинин депутатына ок тийген.

Чырдан кийин 2019-жылдын 29-декабрында өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода чек ара аймагында жолугушкан.

Анда аксакалдар, жаштар да катышып, чек аралаш аймактарда катталып жаткан чыр-чатактарды жоюу, алардын алдын алуу, жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, карым-катнашты чыңдоо боюнча макулдашкан эле. (MdN)

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG