Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

ИИМ: Баткендеги кырдаал көзөмөлдө


Өткөн түнү кыргыз-тажик чек арасында ок атылган аймактардагы кырдаал күч органдарынын көзөмөлүндө.

Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Министрлик 10-январга караган түндөгү кыргыз-тажик чек арасына жакын аймактардагы кырдаал боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, өткөн түнү алгач Баткен районун Орто-Бөз айылына жакын Жака-Өрүк аймагындагы кыргыз жаранынын автоунаасына, кийинчерээк Достук айылынын тургунун автоунаасына тажик тараптан таш ыргытылып, терезелери талкаланган.

Кийинчерээк Көк-Таш айылынын Дахма тилкесине карата коңшу өлкөдөн ок атылган. Андан жараат алгандар жок.

Милиция жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоо максатында аларды Көк-Таш айылындагы мектепке жайгаштырган.

Учурда Баткен облусундагы милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштей баштады. Окуя болгон жерге ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев барып, милициянын ишин көзөмөлдөп жатат.

Буга чейин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганын кабарлаган. Тажикстандын расмий органдары азырынча комментарий бере элек. (BkA)

XS
SM
MD
LG