Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Кумтөрдө жоголгон жумушчуларды издөө токтотулду


Кумтөр. Кырсыктан кийинки абал
Кумтөр. Кырсыктан кийинки абал

Кумтөрдө өткөн жылдын 1-декабрында жер көчкүдөн соң дайынсыз болгон ишкананын тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков жана бульдозерчи Жолдош Жунушевди издөө токтотулду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди. Анын айтымында, 9-январда жоголгон жумушчулардын туугандары ишкана өкүлдөрү менен кеңешип, издөөнү токтотуу боюнча чечим кабыл алынган.

“Биз болжолдогон жерлердин баарын казып карадык, жыйынтык болгон жок. Жер көчкү алдында калган төрт техника, тетиктери табылды. Бирок жумушчулардын сөөгү табылбай калды. Акыркы он күндө издөөгө туугандары да аралышып, бардыгы көрсөтүлүп жаткан. 9-январда туугандары менен кеңешип, издөөнү токтотолу деп чечтик. Муфтияттан сурасак, жаназасын окуса болот экен. Ал эми компания жоголгон жумушчулардын жакындарына кенемте төлөп берет”-деди Калыс Ахматов.

1-декабрь күнү таңга маал Лысый мөңгүсүнүн жанындагы жер катмары көчүп түшкөндө ал жерде иштеп жаткан эки жумушчусу - тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков жана бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушев дайынсыз жоголгон. Андан бери кендеги казуу иштери токтоп, жумушчуларды издөө жүрүп жаткан.

Борбор Азиядагы эң ири алтын кендердин бири болуп саналган Кумтөрдү канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет.(BkA)

XS
SM
MD
LG