Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Журналисттерди коргоо эл аралык комитети кыргыз бийлигине кайрылды


Болот Темиров кол салуудан кийин
Болот Темиров кол салуудан кийин

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет "FactCheck" порталынын редактору Болот Темировго кол салуу боюнча кыргыз бийлигин ыкчам жана тыкыр иликтөөгө чакырды.

Мындай билдирүү аталган комитеттин расмий сайтында жарыяланды. Анда комитет Кыргызстандын жетекчилигине кайрылып, журналисттерге коопсуздугунан чочулабай коррупциялык көрүнүштөрдү чагылдыргандай шарт түзүүгө үндөгөн.

“Кыргызстандын бийлиги журналисттердин коопсуздугун сактоого көңүл бурушу керек, айрыкча коррупция маселесин чагылдырган журналисттерге”, - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстанда коррупциялык көрүнүштөрдү жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрү менен белгилүү «FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго 9-январда түшкө маал Бишкекте басылманын кеңсесинин жанынан белгисиз үч адам кол салган. Алар журналистке бир нече сокку уруп, телефонун тартып алышкан. Темиров муну өзүнүн кесиби менен байланыштырууда. Кылмышка шектүүлөр кармала элек. ИИМдин жетекчилиги ишти көзөмөлгө алган.

Бул кол салууну айыптап өлкөдөгү бир катар журналисттер билдирүү таратып, бийликти кылмышкерлерди аныктоо боюнча чукул аракет көрүүгө чакырышты.(BkA)

XS
SM
MD
LG